Кыргызстанда 2021-жылда жашоо минимумунун көлөмү 6 268,31 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.
Былтыр жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында (19,1 пайызга), Баткен оюлусунда (18,1 пайызга) белгиленди.
Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп мененкишибашына, айына сом менен)
Белгилей кетсек, өкмөттүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.