Опубликовано
27.07.2020, 07:30Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы чарба субъекттеринин жүк ташуусун өз убагында жана толук түрдө камсыз кылууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирет.
[news 26422]
Маалыматка ылайык, быйыл алты ай ичинде «Кыргыз темир жолу» ишканасы тарабынан ташылган жүктүн көлөмү 3 млн 183 миң 902,6 тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 330,2 миң тоннага көп болгон. Өсүш 111,6%ды түзгөн.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы гуманитардык жүктү ташууну ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүүдө», - деп айтылат маалматта.