Жүк ташууга уруксат кагазын кайдан алса болот?

26.03.2024, 11:20 Акчабар
Жүк ташууга уруксат кагазын кайдан алса болот?

Кыргызстандын аймагында жүк ташуу үчүн уруксат бланктарын Бишкек шаарынын Ишкерлерди тейлөө борборунан elicense.gov.kg порталы аркылуу электрондук арыз бергенден кийин алса болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме Жибек Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Чет өлкөлүк уруксат бланктарына арыздар кагаз жана электрондук форматта кабыл алынат. Кабыл алуу үчүн арыздар Транспорт департаментинин Бишкек, Ош, Балыкчы жана Нарын шаарларындагы түзүмдүк бөлүмдөрүндө да кабыл алынат.

Тэги: Ишкерлерди тейлөө борбору жүк ташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть