«Жөнөкөй жумуш, жогорку айлык» деп алдаган агенттиктер көп — Байсопуев

31.01.2024, 15:00 Акчабар
«Жөнөкөй жумуш, жогорку айлык» деп алдаган агенттиктер көп — Байсопуев

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Жарандарды иш менен камсыз кылуу жана мигранттардын укугун коргоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Арслан Байсопуев мырза "Акчабарга" чет өлкөгө жумушка жөнөтүү боюнча маек курду.

Саламатсызбы! Айтсаңыз, Жарандарды ишке орноштуруу борбору эмгек миграциясына барган жарандарга кандай көмөк көрсөтүп келет?

Саламатсыздарбы, биздин борбор чет өлкөгө барган жарандарга коопсуз миграция боюнча көмөктөшөт. Чет өлкөгө барганда кандай өзгөчөлүктөргө маани бериш керек, кантип мыйзамдуу ишке орношсо болот, эмнелер маанилүү, иш берүүчү менен ишчинин негизги укуктары, эмгек келишимин түзүүдө эмнелерге маани бериш керек, аларга барууда кандай өзгөчөлүктөр бар деген маалыматтарды берип келебиз.

Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору мигранттарга иштөөгө уруксат берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик борбор болуп саналат.

Ошондой эле, биз жарандарды чет өлкөгө ишке жөнөткөн агенттиктердин ишмердүүлүгүнө да көзөмөл жүргүзөбүз, тиешелүү уруксат кагаздарын беребиз.

Борбор канча өлкөгө эмгек миграциясына жумушка жөнөтөт?

Бүгүнкү күндө биздин борбор жумушчуларды дүйнө жүзүнүн 16 мамлекетине жөнөтөбүз, ал эми Кыргызстанда лицензия алган агенттиктер менен бирге жалпы 26 мамлекетке ишке жөнөтөбүз. Айрым өлкөлөр тилин, эмгек кесибин, билимин аныктаган документтерди талап кылат. Бүгүнкү күндө талаптардын эң жөнөкөйү Улуу Британия өлкөсү. Улуу Британияда талаптар жөнөкөй, айыл чарба жаатында. Эң негизинен жарандарыбыз физикалык жактан күчтүү, ден-соолугу чың болушу керек. Орус тилин билсе эле жетиштүү. Орус тилинде өзүнүн оюн түшүндүрүп бере алган болушу керек. Мындан тышкары, биз 2007-жылдан бери Түштүк Корея менен тыгыз иштешип келебиз. Бул программага катышуу үчүн жарандарыбыз корей тилин окушуп, тесттен өтүшсө иш берүүчүлөр менен түздөн түз келишим түзүшөт.

Эмгек келишимдердин мөөнөтү канча убакытка созулат?

Биз жарандар тажрыйба алып, жетиштүү акча каражатын таап мекенине кайтып келсе деп максат кылабыз. Улуу Британияга 6 айлык мөөнөткө барууга болот. Барып, эмгектенип, үй-бүлөсүн сагынган учурда кайра кайтып келсе болот. Түштүк Корея менен 2 жыл келишим түзсө болот, эң көп дегенде 4 жыл 10 айга чейин келишим түзүүгө болот. Бул арада алар эмгек өргүүсүнө чыгып, мекенине келип кете алат. Эки жыл ичинде өзүн үлгүлүү кызматкер катары көрсөтсө, үлгүлүү кызматкер катары атайын 4 жыл 10 айга чейин эмгек келишимдерин узартканга мүмкүнчүлүктөрү бар. Андан сырткары, жайында Түркия, Европага, Болгария, Германия сыяктуу мамлекеттерге биздин жаш улан-кыздар, студенттер барышууда. Жайкы каникул учурунда 1-курс менен акыркы курстан тышкары студенттер студенттик виза менен эмгектенип келишүүдө.

Биздин мигранттардын арасында чет өлкөдө жумушка мыйзамсыз орношуп алып, көйгөй чыгып сиздерге кайрылган учурлар болобу?

Албетте, мындай учурлар кездешпей койбойт. Бүгүнкү күндө социалдык тармактар, интернет өнүккөн убакытта Кыргызстандын аймагында катталбаган, Кыргызстандын мыйзамына баш ийбеген башка агенттиктер кызмататрын сунуштоодо. Бул учурда "жөнөкөй жумуш, жогорку айлык маяна" деп алдаган агенттиктер да көп. Алар элдердин бул багытта маалыматы жоктугунан пайдаланып кетишет. Аты башка болуп, акчаны башка компанияга же жеке жактарга котортуп алышат. Ал учурда акыркы доо кое турган адамды таппай каласың. Алардын артынан түшүү же бирөөнүн артынан арыз жазуу боюнча кыйынчылык жаралат. Чет өлкөдө көйгөй жаралса, жарандар биринчи ишке киргизген агенттикке кайрылат. Эгер агенттик ошол талаптарын аткарбай же келишимдерге дал келбеген кызматтарды сунуштай турган болсо, аларды көзөмөлдөөчү биздин борборго , андан сырткары ошол өлкөдөгү биздин элчилик кызматтарга кайрыла алат. Ал эми чет өлкөдөгү агенттиктер аркылуу ишке барган жарандардын көйгөйүн чечүү кыйын. Ал эми Кыргызстандын аймагындагы агенттик болсо, биздин мыйзамга баш ийгендиктен мигранттын маселесин чечүү биз үчүн жеңил.

Мындай компанияларга алданып калбоо үчүн кандай кеңештерди бересиз?

Ошол компаниянын ишке орноштуруу боюнча лицензиясын сураш керек. Кыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке орноштуруу кызматын көрсөткөнгө уруксат кагазы болуш керек. Лицензиясы бар компаниялардын тизмелери биздин migrant.kg деген сайтыбызда бар. Ал эми чет өлкөлүк ишке орноштурган компаниялар биздин мыйзамга баш ийбейт.

Сиздердин кызмат акылуубу? Канча төлөм аласыздар?

Биздин борбор эч кандай акы албайт. Бирок, жарандар кетип жаткан өлкөнүн визасына, жол акысына, баргандан кийинки айлык алганга чейин өзүнүн чыгымдарына төлөйт. Биз жарандарга орточо сизден 100 миң сом чыгым кетет деп айтабыз. Ал эми Түштүк Корея боюнча айта турган болсок, корей тилин аныктоо боюнча тестке, виза, жол акысына төлөйт. Ал эми жеке менчик компаниялар көрсөткөн кызматына акча алышат. Ал биринчи айлык маянасынан 50%дан ашпашы керек. Бул бир жолу гана алынуучу кызмат акы.

Эгер мигрант чет өлкөдө жүрүп, жаракат алып ооруп калса кандай жардам берилет? Медициналык камсыздандыруу жагы кандай каралган?

Эгер жумуш учурунда кырсыкка учураса, ооруп калса же өз алдынча жүргөндө кырсыкка учураса ар бири өзүнчө каралган. Эгерде жеке милдеттерин аткаруу учурунда кырсыктаса, жумуш берүүчү тарабынан социалдык пакети камтылат. Кудай сактасын, биздин мыйзам боюнча адам каза болсо да сөөгү алынып келинет. Ошондой эле, жарандарды спирт ичимдиктеринен алыс болуу, жол эрежелерин так сактоо сыяктуу эрежелерди кетер алдында окутабыз. “Бүт баарын түшүндүм” деген тил кат жаздырып жөнөтөбүз.

Мыйзамдуу жумушка орношуп жаткандан кийин барган өлкөнүн салыгын төлөө керек. Салыктар кандай каралган?

Ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгү бар. Мисалы, Улуу Британияныкын айта кетсек, үч түрлүү салык кармалат. Үч түрлүү салыктан медициналык, киреше салыгы алынат. Түштүк Корея боюнча да ошондой. Кийин социалдык төлөмдөрдү кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар.

"Эмгек акы жарандардын жаш курагына жараша да төлөнөт" деген пункт бар экен...

Улуу Британиянын эмгек келишимдерине ылайык. 18 жаштан 22 жашка чейин, 22 жаштан 26 жашка чейин деп төлөнөт экен. Бирок, биз жарандарга түшүнүктүү болуш үчүн орточо айлык саатына 1000 сом деп айтабыз. Саатына 1000 сом болгондуктан, 1 саатта мынча түшүм жыйналышы керек деген жумуш берүүчүнүн талабы бар. 1 саатта коюлган талаптарды так аткарып, нормаларды бергенден кийин гана сизди 1 саат иштеди деп эсептешет. Ишти так аткарбаган жарандарга 3-4 жолу эскертүү берет, андан кийин жумуштан кетирет. Эмгек келишиминде бардыгы камтылат, канча саат иштери, саатына канча алары ж.б.

Эмгек акыларын ала албай, бул багытта көйгөй жаралса жарандар кимге кайрылса болот?

Эмгек акыларын ала албай калган учур бизде Орусия менен гана болуп келген. Себеби, биздин жарандар туугандары менен, же өз алдыларынча чыгып эмгек келишимдерин түзбөй, ортомчулар аркылуу ишке орношуп маяналарын ала албай калган учурлар көп. Орусияда биздин министрликтин бул багытта иштеген өкүлчүлүгү бар. Жарандар ошол жака кайрыла алышат. Же биздин борборго кайрылса, биз ар дайым түз байланыш аркылуу жардамдашууга даярбыз. Ал эми, башка мамлекетте иштегендерге алдын ала сүйлөшүү менен ошол мамлекеттен чыгып кетсе да айлык маянаны картага салышат. Башка мамлекет менен маяна төлөнбөй калган учур боло элек.

Биздин студияга келип, маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Маектешкен Жанара Каденова

Тэги: Коопсуз миграция эмгек миграциясы Арслан Байсопуев кыргызстандык мигранттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть