Жыл башынан бери 1 млрд сомго айыл чарба техникасы лизингге берилди

01.04.2024, 17:00 Акчабар
Жыл башынан бери 1 млрд сомго айыл чарба техникасы лизингге берилди

Ушул жылдын үч айында 1 млрд сомго 202 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрликтин демилгеси менен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо максатында 2011-жылдан тартып айыл чарба техникаларын жана жабдууларын лизингке берилип келет. Тактап айтканда, 2011-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 14,8 млрд сомго 6 миң 116 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, жалпы алып караганда:

  • 2022-жылдын март айына карата 3,0 млрд сомго 983 техника;
  • 2023-жылдын март айына карата 4,3 млрд сомго 1155 техника;
  • 2024-жылдын март айына карата 1 млрд сомго 202 техника берилди.

Тэги: лизинг техника айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть