Кыргызстанда жыл башынан бери 650 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик бир жарым эсеге көп.
Жолдорду оңдоо инвестициялык долбоорлордун жана бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, Нарын шаарынын ички көчөлөрү, ошондой эле Нарын, Казарман, Талас, Жалал-Абад жана Кербен аэропортторунун учуп-конуу тилкелери жана перрондору жаңыртылды.