2019-жылы Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы баалуу кагаздардын 42 - чыгарылышын ишке ашырган, алардын жалпы көлөмү 8 млрд 455,95 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу аталган кызматтын 26-февралда өткөн коллегиясында төрагасы Арзыбыек Кожошев билдирди.
Катталган кагаздардын ичинен 16сы негиздөөчү чыгарылыш болуп, алардын суммасы 119,99 млн сомду түзгөндүгү, ал эми калган 26сы кошумча чыгарылыш болуп, суммасы 8 млрд 335,95 млн сомду түзгөндүгү белгиленүүдө.
Андан сырткары, 42 чыгарылыштын ичинен 13ү жабык акционердик коомдор тарабынан реализацияланып, суммасы 108,3 млн сомду түзгөн.
27 - чыгарылыш ачык акцтонердик коомдор тарабынан ишке ашырылып, 237,6 млн сомго бааланууда, ал эми 2 чыгарылыш жоопкерчилиги чектелген коомдор тарабынан реализацияланып, суммасы 110 млн сомду түзгөн.
Арзыбек Кожошев белгилегендей, эң көлөмдүү эмиссиялар «Айыл Банк», «Росинбанк» жана «РСК Банк»ААКлар тарабынан ишке ашырылып, эмиссиялардын көлөмү 3 млрд 268,7 млнсомду, 3 млрдсомду жана 125,5 млнсомду түзгөн.