21 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон компенсация төлөндү

11.09.2020, 13:00 Акчабар
21 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон компенсация төлөндү

Компенсациялык төлөмдөр тууралуу Республикалык штаб маалымат таратты. 



«Бүгүнкү күндө медициналык кызматкерлерге жана коронавирус илдетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсациялык төлөмдөр уланып жатат. Ошентип, 11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон жана 21 үй-бүлөгө ар бирине 1 миллион сомдон төлөндү», - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, эпидемиялык очокто кызмат учурунда турган COVID-19 оорусун жуктурган медицина кызматкерлери жана инфекциянын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу.

Тэги: компенсация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу