Атчан милициянын патрулдук кызматы Алмазбек Атамбаевди көздөй бара жатышабы? Социалдык түйүндө Бишкекте атчан милициянын тобу тууралуу шаардыктар ушундай суроо салышкан.
Ага Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков Vesti.kg шаардык милиция күчөтүлгөн тартипте эмес, штаттык режимде эле иштеп жатат деп билдирген.
-«Бул адаттагыдай эле атчан милиция. Алар парк зоналарын кайтарууга алууда. Бишкек милициясы штаттык режимде эле иштеп жатат»,- деп билдирген ал.