Кыргызстандык Таджикстандын Beeline компаниясын ийгиликке жеткирди

17.06.2019, 07:59 Акчабар
Кыргызстандык Таджикстандын Beeline компаниясын ийгиликке жеткирди

 2019-жылдын 1-июнан тартып Таджикстандын  Beeline  берендинин астындагы   «Таком» ЖЧК команиясы ребрендинг  жасоону жарыялады.

Айта кечтүү жагдай компаниянын жаңы имеджин жасоода Кыргызстандан чакырылган Алмазбек Кадыркулов жетекчилик кылган. Ал уюлдук компанияны эң оор мезгилде башкарып, эми ишин  ийгиликтүү жыйынтыктап, ал Кыргызызстанга кайтты. 

Алмазбек Кадыркулов Facebook  баракчасында  ZET-MOBILE компаниясы менен  коштошуп, ыраазычылык билдирген.

Алмазбек Кадыркулов жетектеген таджик компаниясы  сыртынан гана өзгөрбөсөн, ички түзүмү дагы өзгөргөн.  Эми бул компания VEON ири уюлдук компаниясына кирген.

2018-жылы VEON  Таджикистандын телекоммуникация рыногунан чыгып кеткен. Өз алдынча «Таком» компаниясы болуп, бир жылдан бери рынокко ребрендиг менен чыгууга аракет жасап келишкен. Учурда жаң бренд,  ээн тамгасы, компаниянын концепциясы жана оптимизация жасалды.  

Алмазбек Кадыркулов  ага чейин КР  билим жана илим министринин орун басары, КР байланыш агентигин жетектеп, «Кыргызтелеком» ААК Башкаруучу кеңешинде иштеген. Ошондой эле, мамлекеттик мүлк фондун дагы башкарган. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу