Банктардын кредиттерди берүү боюнча ишин оптималдаштыруу, кредиттердин камсыздоолору боюнча классификацияны белгилөө, жана ошондой эле банктарды мажбурлап реорганизациялоо суроолору боюнча конкреттүү жол-жоболорду регламентациялоо максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 24-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттөө жана таасир этүүчаралары маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган.
Жогорудагы токтом менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген:
- 2010-жылдын 30-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- 2004-жылдын 21-июлундагы «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»;
- 2017-жылдын 15-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»;
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.