Биринчи вице-премьер-министр Солтон-Сары кенине жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугушат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы.
Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.