Улуттук банк лицензиясы жок акча алмаштыргандыгы үчүн кыргызстандык жаранга айып пул салды.
Маалыматка ылайык, айып пул К.С.С. аттуу жаранга салынган.
Белгиленгендей, кыргызстандык жаран Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзгөн.
Айып пулдун көлөмү 17 миң 500 сомду түздү.