2019-жылы аба каттамдан түшкөн киреше 7,6 млрд сомду түзгөн

09.10.2020, 16:30 Акчабар
2019-жылы аба каттамдан түшкөн киреше 7,6 млрд сомду түзгөн

2019-жылы жүргүнчүлөрдү ташыган авиакаттамдардан түшкөн киреше 7.6 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен дээрлик 80% эл аралык каттамдардан, 20% ички аба каттамдардан катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү  ата мекендик «Эйр Манас», Avia Traffic Company жана TEZ JET авиакомпаниялары ташууда.

Аба майданында иштеген кызматкерлердин орточо саны 2019-жылы 1.3 миң адамды түзгөн.

2019-жылы улуттук аба жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү дээрлик 1 млн адамды түзгөн. Анын ичинен 48% эл аралык каттамдарды түзгөн жана дээрлик 53% ички каттамдарга тиешелүү.

Ошол эле учурда, аба транспорту менен жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшү 2 миллиарддан ашуун жүргүнчү-километрди түзгөн.

Кошумчалай кетсек, жыл сайын октябрь айында республикада авиация күнү белгиленет.

Тэги: аба каттам жүргүнчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу