Бишкектеги “Кулун ата” базарынын соодагерлеринин талаптары толугу менен канааттандырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, “Кулун Ата” базарынын жетекчилиги жана соодагерлери УКМКга чакырылган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мурда ижара баасы 10%га арзандатылганы, бул өз кезегинде соодагерлердин нааразычылыгын жаратканы аныкталды.
“Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча базардын администрациясы соода жайларынын ээлери үчүн да, кошумча ижарачылар үчүн да ижара акысын 15тен 30%га чейин төмөндөтүүгө даяр экенин билдирди”, - деп билдирди УКМК.