Акча алмаштыруучу жайларды жабууну 2-3 жылга узартуу сунушталды

15.06.2020, 12:00 Акчабар
Акча алмаштыруучу жайларды жабууну 2-3 жылга узартуу сунушталды

«Акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча демилгени дагы 2-3 жылга жылдыра турууну сунуштап жатабыз», — деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бюджет жана финансы боюнча парламенттик комитеттин жыйынында.

 

Эске сала кетсек, эл өкүлдөрү акча алмаштыруучу жайларды жабуу боюнча сунуш киргизген. Ал эми чет элдик валюталарды алмаштыруу процессин депутаттар коммерциялык банктардан гана жүргүзүү керектигин айтышкан. Улуттук банктын төрагасы бул боюнча дагы бир ирет пикирин билдирди. 

«Акча алмаштыруучу жайларды жабуу тууралуу 2015-жылы сунуш киргизгенбиз. Бирок, ал учурда колдоо тапкан эмес. Азыркы абалды карап туруп, бул демилгени ишке ашырган туура эмес болуп калат. Акча алмаштыруучу жайларды башка лицензияга өткөрүшүбуз мүмкүн. Бул учурда көзөмөлдөө күч алып калат. Мыйзам долбоору – депутаттардын демилгесинен улам көтөрүлүп, талкууга коюлуп жатат. Жалпысынан колдойбуз, бирок азыркы пандемия убагында акча алмаштыруучу жайларды жапкан туура эмес болуп калат. Алгач каникул берип, аннан мыйзам долбоорун кабыл алуу керек», — деп кошумчалады Толкунбек Абдыгулов.

 

Тэги: Акча алмаштыруучу жай пандемия коронавирус илдет банк коммерциялык банк чет элдик валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу