Кыргыз фондулук биржа системасында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акциялары менен үч бүтүм катталды.
Соодада жалпысынан “Кыргызнефтегаздын” 1 миң 950 жөнөкөй акциясы сатылган. Бир нускасынын баасы 270 сомду түзөт. Ошентип, бүтүмдүн жалпы суммасы 526,5 миң сом болду.
Эске салсак, буга чейин 6-мартта компаниянын 2 миң 352 акциясы экинчи рынокто сатылган. Сооданын жалпы суммасы 634,5 миң сомду түзгөн.