Банк секторунун кирешеси 107 млрд сомдон ашты

10.05.2024, 11:55 Акчабар
Банк секторунун кирешеси 107 млрд сомдон ашты

Былтыр Кыргызстанда Улуттук банк жана 23 коммерциялык банк иш алып барды. Анын 13үнүн чет өлкөлүк капиталы бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Өлкөнүн аймактарында банктардын 327 филиалы иштеди.

Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 21 миң адамды түзөт. Ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 11 миллиондон ашты.

Өткөн жыл ичинде кардарлардын эсептеринин саны дээрлик 3 миллион эсепке (же 35% га) көбөйдү. Бул көрсөткүч мобилдик банкинг системасын өнүктүрүү жана ага республиканын калкын тартуу менен камсыз болду.

Финансылык ортомчулук чөйрөсүнүн кызматкерлеринин номиналдык чегерилген орточо айлык эмгек акысы 2023-жылы 62 миң сомду түзүп, өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу дээрлик төрттөн бирге көбөйдү.

Банк секторунун кирешеси 2023-жылы 107 млрд сомдон ашып, 2022- жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 16% га өстү.

Экономиканын банк секторунун суммардык активдери жыл ичинде дээрлик 21% га көбөйдү жана 2023-жылдын аягына карата 1 трлн 58,8 млрд сомду түздү.

Активдердин наркынын болжол менен 58% коммерциялык банктар тарабынан түзүлгөн, ал эми 42% Улуттук банкка туура келет.

Белгилеп кетсек, бүгүн, 10-май Кыргызстанда банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын күнү.

Тэги: банк сом киреше статистика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу