Баткенде 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын иши токтотулду

10.10.2023, 12:15 Акчабар
Баткенде 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын иши токтотулду

Баткен облусунун аймагында 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курамына УКМК, ИИМ, ДИМК, Өзгөчө кырдаалдар, Саламаттык сактоо министрликтеринин, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Башкы архитектуранын, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБнын өкүлдөрү кирген мекемелер аралык жумушчу топ облустагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди.

Анын жыйынтыгы менен “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.

Ошондой эле 8 материал облустук милициянын каттоосуна алынды.

УКМКдан белгилешкендей, Баткен облусунун аймагында диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор болуп белгиленген нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, ошондой эле бирдиктүү стандарттардын жоктугу жана диний билим берүү мекемелеринде билим берүүнү көзөмөлдөөнүн болбогону эсептелет.

Тэги: дин мечит УКМК Баткен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу