Ушул жылдын январь айында мотор майынын чекене соодасынын көлөмү 7 миллиард 648 миллион 500 миң сомду түзүп, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 13,9%га өскөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Белгилеп кетсек, жалпы көлөмдүн 28%ы Чүй облусуна туура келет – 2,1 млрд сом.
Кийинки орунда Бишкек (26%) жана Жалал-Абад облусу (10%) турат. Мотор майын жүгүртүүнүн 9%ы Баткен облусуна туура келет.