Бажы кызматы жыйырмадай кызматкерин жумуштан кетирди

05.03.2024, 09:46 Акчабар
Бажы кызматы жыйырмадай кызматкерин жумуштан кетирди

Мамлекеттик бажы кызматы кызматтык ички иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында 21 кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тергөөнүн жыйынтыгы менен бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан одоно тартип бузуу фактылары жана коррупциялык укук бузуу фактылары аныкталган.

"Бажы кызматынын аброюна шек келтирген кызматтык тартипти одоно бузгандыгы үчүн ”Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” өлкө мыйзамына ылайык, 21 кызматкер ишеним жоготкондугу үчүн (инспекторлордон баштап жогорку кызмат адамдарына чейин) кызматтан бошотулду", - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, 13 кызматкерге катуу тартиптик чара көрүлгөн.

Кызматтык иликтөөнүн материалдары юридикалык баа берүү жана чара көрүү үчүн тиешелүү ыйгарым органдарга өткөрүлүп берилди.

 

Тэги: жумуш бажы кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу