Бүгүн Улуу Британиядагы сезондук жумуштарга иштөөнү каалаган жарандар үчүн Pro Force операторуна каттоо жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жарандарды чет жерде жумушка орноштуруу борборунун маалыматы боюнча, каттоо 22-февралда саат 14:00до www.migrant.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Түшкөн арыздардын саны белгиленген чекке жеткенден кийин каттоо токтотулат.
“Жумушка орношууну каалаган жарандардын жашы 18ден 45ке чейин болуп, орус тилин билип, психологиялык жактан жана дени сак болушу керек. Каттоо үчүн жарандын чет элдик паспорту жана электрондук почта зарыл”, - деп айтылат маалыматта.
Катталган жарандар менен маектешүү 26 жана 27-февралда өткөрүлөт.