10-майдан тарта улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5 миң сомдук банкнот жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
2023-жылдын үлгүсүндөгү 5 миң сом банкнотунун алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү С. Чокморовдун портрети, арткы бетинде “Ала-Тоо” кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган.
“5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт. Улуттук валютанын бардык банкноттору өлкөнүн аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, бүгүн 10-май Улуттук валюта күнү. Улуттук валюта - сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.