Бирдиктүү салык декларациясынын формасы өзгөртүлдү

03.02.2020, 11:00 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясынын формасы өзгөртүлдү

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы токтому менен Бирдиктүү салык декларациясынын формасына жана аны толтуруу жана берүү тартибине өзгөртүү киргизилгендигин маалымдайт.

Тактап айтканда, Бирдиктүү салык декларациясынын формасы тиркемелер менен толукталды, анда салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерин жана учурдагы жылга мүлк салыгы, жер салыгы боюнча эсептөөлөрдү көрсөтүшөт.

Мында ушул токтом күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда 1-февралга чейин, салык декларациясын берген декларанттар такталган декларацияны тапшырууга милдеттүү эмес экендигин белгилейбиз.

Бирдиктүү салык декларациясынын формасы жана аларды толтуруунун тартиби өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Салык кызматынын расмий сайтынын “Отчет формалары” бөлүмүндө жайгаштырды.

Тэги: Бирдиктүү депозиттик эсеп салык форма

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу