Официалдуу веб-сайттардын маалыматына ылайык, Бишкекте май куюучу жайларда АИ-92 күйүүчү майдын баасы өзгөрүүсүз калды.
Бишкекте АИ-92 күйүүчү майдын орточо баасы 39,73 сомду, дизелдик күйүүчү майдын орточо баасы – 44,93 сом, газдын баасы – 20,77 сомду түзөт.
АИ-92 күйүүчү майдын эн төмөнкү баасы – 39,3 сом, АИ-95 күйүүчү майдын баасы – 42,2 сомду түзөт. АИ-98 күйүүчү майды “Газпром нефть” бир литрге болгон баасын 48,5 сомго жана Bishkek Petroleum 47,9 сомго сатышууда.
Бишкектеги май куюучу жайларда дизелдик күйүүчү майдын эң төмөн баасы – 44, 3 сомду түзөт. Унага керектелүүчү газды төмөнкү үч жерден алса болот:
• «Партнер Нефть» - 19,9 сомдон
• Bishkek Petroleum - 20,5 сомдон (Бишкектеги үч май куюучу жайынан жана Чүй областынан)
• «Газпром нефть» - 21,9 сомдон (Бишкектеги үч май куюуучу жайынан)