Бизнес-акыйкатчы мыйзамсыз кармоону жазалоону сунуштады

10.04.2023, 12:34 Акчабар
Бизнес-акыйкатчы мыйзамсыз кармоону жазалоону сунуштады

Бизнес-акыйкатчы "Ишкердик субъекттерине карата укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан ашыкча же негизсиз кысым көрсөтүү тобокелдиктерин жаратуучу укуктук факторлор" деген темада системалуу баяндамасын жарыялады.

Документке ылайык, Кыргызстанда чиновниктердин жана башка адамдардын жеке кызыкчылыгынан улам ишкерлерге кылмыш иши козголушу мүмкүн болгон көйгөй бар. Ошол эле учурда мындай тобокелдиктер биринчи кезекте ири салык төлөөчү ишкерлерге тиешелүү.

"Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренесин төмөнкүдөй бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:

"Ишкерге пайда алуу, мүлк алуу максатында кысым көрсөтүү максатында билип туруп мыйзамсыз кармоо - эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат", - деп айтылат докладда.

Тэги: экономика новости Кыргызстана правовая база бизнес омбудсмен незаконное задержание крупные предприниматели

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу