Быйыл Казакстан Кыргызстандан 1600 тоннадан ашык макорон импорттоду

13.10.2023, 13:45 Акчабар
Быйыл Казакстан Кыргызстандан 1600 тоннадан ашык макорон импорттоду

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйыл тогуз айда Кыргызстан чет өлкөгө 495 млн 694,5 миң сомго 3 миң 87,4 тонна макарон өнүмдөрүн экспорттоду. 

Жыл башынан бери эң көп макарон  Казакстанга жеткирилген. Андан түшкөн киреше 241 млн 774,1 миң сомду, көлөмү 1 миң 652 тоннаны түзөт. 

Ал эми экинчи орунда Орусия турат. Ал жакка 231 млн 889,2 миң сомго 1 миң 328 тонна макорон экспорттолгон.

Ошондой эле бул мезгилде Беларусия (19 млн 585,1 млн сомго 88,3 тонна) жана Арменияга (2 млн 446,1 миң сомго 17,5 тонна) да экспорт жасалган. 

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстандан макарон азыктары 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,12%га же 93,3 тоннага көп экспорттолгон.

 

Тэги: макорон Казакстан сатып алуу жана сатуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу