2023-жылы коррупциялык, кызматтык кылмыштар боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 млрд 202 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аталган сумманын 59%ы тактап айтканда 3 млрд 044 млн 373 миң 50 (3 323 172 029) сому өндүрүлдү.
Анын ичинен:
- прокуратура органдары тарабынан – 1 млрд 745 млн 411 миң 719 сом,
- ички иштер министрлиги тарабынан – 1 млрд 298 млн 961 миң 331 сом
- улуттук коопсуздук мамлекеттик кызмат тарабынан – 1 млрд 511 млн 911 миң 022 сом мамлекетке кайтарылган.
Тэги: кызматтык кылмыш коррупция башкы прокуратура