Былтыр өлкөдө балык өндүрүү өскөн

08.05.2023, 16:53 Акчабар
Былтыр өлкөдө балык өндүрүү өскөн

Былтыр Кыргызстанда 20 миң 729 тонна товардык балык өндүрүлдү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Балык чарба департаментинин маалыматына ылайык,  2021-жылы 10 344 тонна балык өндүрүлгөн. Анын 5 183 тоннасы экспорттолгон. Былтыр 6 871 тонна чет өлкөгө чыгарылды.

Быйыл Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Кыргызстандын ветеринардык кызматына Орусияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын билдирип,  балык чарбачылыгы менен алектенген компанияларды текшерүүнү сураган.

Андан соң эки балык чарбасына экспортко уруксат берилген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу