Кыргыз-казак чек арасынан арматура жана кагаз каптарды кармашты

17.07.2019, 13:12 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасынан арматура жана кагаз каптарды кармашты

Салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан арматура жана кагаз каптарды кармашты. Бул тууралуу салык кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2019-жылдын 16-июлунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден арматура жана кагаз каптарды ташып келүүдөгү бузууларды аныкташты.

Алсак, "Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 19 тонна арматураны ташып келе жаткан автомашина кармалган. Текшерүүдө товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатынын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган.

“Чоң-Капка автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 1 млн сомдон ашык суммада 20 тонна кагаз капты ташып келүү фактысы аныкталды. Айдоочуда товарларды ташып келүү үчүн салыктык каттоо тууралуу салык органынын маалымкаты жок болуп чыккан.

Бузуу фактылар боюнча материалдар андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу