«Кепилдик фонддун» таза кирешеси экинчи жолу 400 млн сомдон ашты

16.02.2024, 12:12 Акчабар
«Кепилдик фонддун» таза кирешеси экинчи жолу 400 млн сомдон ашты

“Кепилдик фонд” ААКсынын 2023-жылы киреше көрсөткүчү экинчи жолу 400 млн сомдон ашты. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кепилдик фонд” ААКнын таза кирешеси 418,5 млн сомдон ашыкты түздү. Бул көрсөткүч мурунку рекорддук көрсөткүчтөн – 2022-жылы белгиленген 411 млн сомдон ашты.

Кирешенин жыл сайын өсүп жаткан көрсөткүчтөрү, ошондой эле бизнестин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүп жатышы “Кепилдик фонд” ААК ишинин жогорку натыйжалуулугун жана анын өлкөдөгү ишкердикти өнүктүрүүдөгү ролун тастыктайт. 

“Кепилдик фонд” ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде 2023-жылдын акырына карата абал боюнча ата мекендик бизнеске 26,4 млрд сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылып, 8,2 млрд сомдон ашык суммага кепилдиктерди берген.

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана чистая прибыль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу