Өзбекстанда коронавирустан үйүндө дарыланып жаткан жарандарга дары-дармек акысыз берилет.
Тиешелүү чечим өлкөнүн өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынды.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 17-июлда өткөн жыйында мындан ары коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга акысыз бериле турган дары-дармектердин тизмесин бекитти. Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.
Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат. Азырынча COVID-19 вирусун жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткан адамдардын саны тууралуу маалымат бериле элек.
Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 16 607 адам. Илдет жуктурган 85 бейтап көз жумду. 9178 адам оорудан сакайды.