Дебитордук карыздын айынан 6 миң абонент электр жарыгысыз калат

06.05.2021, 10:20 Акчабар
Дебитордук карыздын айынан 6 миң абонент электр жарыгысыз калат

"Түндүкэлектр" дебитордук карызы үчүн 6 миң абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу компаниянын сайтына жарыяланды.

Аталган ишкана абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

Бардык тиричилик жана өндүрүштүк абоненттер каалаган убакта сайттан "Абоненттик баланс" аталышындагы жеке эсеп абалын көрө алышат. Мындан тышкары, абоненттер өз балансын күнү-түнү иштеген Түндүк электр колл-борборуна 1209 номерине чалып же 0-551-00-12-09 номерине WhatsApp аркылуу билдирүү жазып, билсе болот.

Белгилей кетсек, абоненттер эсептерди төлөө терминалдары, электрондук капчыктар, банктын кассалары, ошондой эле почта аркылуу төлөй алышат.

Тэги: электр жарыгы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу