Кыргызстандын экономикасы 8,8% өстү

11.04.2024, 10:23 Акчабар
Кыргызстандын экономикасы 8,8% өстү

Ушул жылдын биринчи кварталында экономикада 8,8%, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,8% өсүшкө жетишүү өнүгүү темпин тездетүү саясатынын натыйжалуулугунун далили. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, бул жөн эле сандар эмес, талыкпаган эмгектин натыйжасы.

"Биз туура жолдо баратабыз жана биздин милдет – траекторияны сактап калуу, алдыга жылуу, мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө артыкчылык берүү. Биздин максат – Кыргызстандын туруктуу келечегин түзүү, анда ар бир жаран өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилеп кетсек, 2023-жылдын биринчи кварталынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүш үч эсеге көп.

Тэги: новости Кыргызстана Кумтор Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу