Швейцария Кыргызстанга $970 миң жер-жемишти экспортто үчүн берет

25.07.2019, 14:07 Акчабар
Швейцария Кыргызстанга  $970 миң жер-жемишти экспортто үчүн берет

Швейцария Кыргызстанга 970 миң АКШ долларын жер-жемишти экспортто үчүн бетет. Эми Ысык-Көлдүн алма, өрүк, кара өрүгү, карагаты жана  алтургай жапайы чычырканагы дагы Европага экспорттолот. 

 Экономика министринин  метрология жана техникалык жөнгө  салуу Башкармалыгынын башчысы Бакытбек Шабданов  бул кызматташуу Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга жасаган расмий сапарында жетишилген деп белгиледи. 

 

«Долбоор үч жылга эсептелип, каражаттар үч бөлүктөн келет. Анда Стандарташтыруу борборунун техникалык жактан жабдылып, мамлекеттик көзөмол органдарынын сапатын жакшыртууга жана жер-жемиштердин сапатын тастыктаган борборлорго лаборатория ачууга жана эл аралык стандарттагы экспорт жасоого шарттар түзүлө», - деп билдирди Бактыбек Шабданов.

Экономика министрлигиндеги стандарташтыруу жана метрология борборунун  директору  Бердимамат Аданбаев   айыл-чарба азыктарын экспорттодо элементардуу талаптарды аткаруу  мамлекеттер арасындагы чек ара маселесин жаратпайт деп билдирди. Анткени, сыртка чыккан Кыргызстандык азык-түлүккө фермерлер же ишкерлер шетүү жерлерден уруксат кагаздарын албай, мамлекеттик органдардан алууга чакырды. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу