Физикалык жактардын кирешесин жана мүлкүн ыктыярдуу түрдө декларациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди

11.02.2020, 12:00 Акчабар
Физикалык жактардын кирешесин жана мүлкүн ыктыярдуу түрдө декларациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди

Экономика министрлиги Жогорку Кеңешке «Физикалык жактардын мүлкүнүн жана кирешесин ыктярдуу түрдө декларациялоосу жөнүндө» мыйзам долбоорун киргизди.

Жогорку Кеңештин сайтында айтылгандай, мыйзам долбоору  Кыргызстандын жарандары, кайрылмандар жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаганга уруксаты бар жарандардын  2019-жылдын 1-январына чейин алынган кирешелерине байланышкан коомдук мамилелердин жөнгө салууну карайт.

Ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн бир бөлүгүн легалдуу жүгүртүмгө чыгарууга жардам берет деп эсептей Экономика министрлиги.

Мыйзам долбооруна ылайык, ыктыярдуу декларациялоого КР Жарандык кодексинин жана «Кыймылсыз мүлктүн жан аны менен бекитилген бүтүмдөрүн мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө» мыйзамынына ылайык катталган мүлк менен ыктыярдуу деклараиялоого катышкан жактардын  кирешеси катышат.

Экономисттердин айтымында, бүгүнкү күндө көмүскө сектордо декларацияланбаган мүлктүн 40 пайыздан ашуун көлөмү бар. Буга байланыштуу, кирешенин жана мүлктүн ыктыярдуу декларацияланышы (ал башкача амнистия деп аталат) жалпы декларациялоо алдындагы даярдоочу этап болуп саналат.

Мурункудай эле, бөтөнчөлүккө чектөөчү босогодон ашкан суммадагы мүлк менен киреше кирет, мыйзамга ылайык, ал 70 млн сомду түзөт. Бул учурда декларациялоо процедурасын өткөрүү үчүн көрсөтүлгөн босогонун 700 000 сомун төлөө керектелет жана бул көрсөтүлгөн киреше менен мүлктүн факт жүзүндө көрсөтүлгөн суммасы 70 млн сомдон канчалык чоң болгондугуна карабайт. 70 млн сомдон көп активи бар салык төлөөчү баары бир 700 000 сом төлөп, процедурадан өтөт.

Ыктыярдуу декларациялоонун мөөнөтү 2020-жылдын 1-апрелинен 2020-жылдын 31-декабрына чейин түзөт. Бул убакыттын ичинде декларанттар ыктыярдуу декларациялоодон өтүүгө ыйгарым укуктуу кызматтык жакка кайрыла алат.

Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык, ыктыярдуу декларациялоонун мөөнөтүнө мүлктүн жана кирешенин пайда блолгон убактысы кирет:

  1. 2019-жылдын 1-январына чейин- КР «Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан бирдиктүү салык декларациясын көрсөтүү жана көрсөтүүгө даярдоо жөнүндө» мыйзамына ылайык кирешеси тууралуу декларациясын тастыктабаган декларанттар үчүн;
  2. 2013-жылдын 1-январынан  тарта жогоруда айтылган мыйзам долбооруна ылайык кирешеси жана мүлкү тууралуу декларациясын тастыктаган жарандар үчүн.

Ошондой эле Экономика министрлигинен белгилешкендей, ыктыярдуу декларациялоо процедурасы жарандын же анын ишенимдүү өкүлүнүн ыйгарым укуктуу кызматкерден ыктыярдуу декларациялоону мыйзам долбоордун эрежелерине ылайык өткөндүгү тууралуу мөөрүн алгандан кийин жыйынтыкталды деп саналат.

Тэги: жогорку кеңеш экономика минстрли

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу