2024-жылдын 30-апрелинде “Кепилдик фонд” ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү, анда фонддун ишинин маанилүү финансылык жана уюштуруу натыйжалары каралды.
Жыйында “Кепилдик фонд” ААКнын 2023-жылдагы каржы-чарбалык ишмердүүлүгү жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, 2023-жылга карата баланстын жылдык жыйынтыгы, пайда жана чыгашалар эсеби, 2024-жылга бюджети бекитилди.
2023-жылы “Кепилдик фонду” ААКнын таза кирешеси 418,6 млн сомдон ашып, анын ишинин жыйынтыгы боюнча фонддун кирешесинин 100%ын акционерлерге дивиденддерди төлөөгө багыттоо чечими кабыл алынган.