«Газпромдун» экспорттон кирешеси  38% түшүп кеткен

16.07.2019, 08:49 Акчабар
«Газпромдун» экспорттон кирешеси  38% түшүп кеткен

«Газпром» экспорттон 38% гана  киреше алды.  Бул тууралуу  «Открытые медиа»  Россиянын Борбордук банкы жарыялаган төлөм балансындагы  айрымачылык аркылуу анализ жасап чыккан. 

 «Газпром»  азырынча  экинчи жарым жылдыктагы  өз отчетун жарыялаган жок. Россиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнчаГазпромдун экинчи кварталдагы кирешеси $8.7 млрдка түшүп калган. Ушул эле жылдын биринчи кварталында  $14.1 млрд киреше табышкан. 

$8.7 млрд —экспорттон алынган кирешеде аябай аз киреше болуп саналат. 2018-жылы эле биринчи жана экинчи кварталда кирешенин суммасы  $12.7 млрд  жана $11 млрд  болчу. 

Fitch Ratings  бөлүмүнүн директору  Дмитрий Маринченко эмнеге экспорттон түшкөн киреше мынчага азайып кеткен деп таң калууда. Анткени, Россиянын сыртка жасаган экспорттук көлөмү  азайган эмес. «Газпром»  экспорттук бааны кыскартканына байланыштыруу керекпи?  Анын эсептөөсү  боюнча  баалар 10% гана түшкөн. Ал дүйнөлүк рыноктогу баалардын түшүшүнө байланыштуу  болгон деп билдирет «Открытые медиа» агентиги.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу