Баткенде 4,3 млн сомдук контрабандалык дары-дармектер аныкталды

10.04.2023, 15:06 Акчабар
Баткенде 4,3 млн сомдук контрабандалык дары-дармектер аныкталды

Кадамжайда 4,3 млн сомдук контрабандалык дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош - Разаков унаа жолунда М.А.З. аттуу Лейлек районунун Арка айылынын тургунунун башкаруусундагы “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаа текшерилип, эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана дары-дармек менен аныкталган.

Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн суммасы 4 млн 350 миң сомду түзөт.

Кармалган унаа бажы терминалынын аймагына коюлуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле бул аткезчиликке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Контрабанда товара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу