Финполдун башчысы Жапыкеев бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

11.12.2020, 16:00 Акчабар
Финполдун башчысы Жапыкеев бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит менен жолугушту

Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Жапыкеев Финансы полициясынын артыкчылыктуу багыты мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, ак ниет ишкерлерди мыйзамсыз кийлигишүүдөн сактоо, бизнести жүргүзүү жана өлкөгө инвестициялардын келүү агымы үчүн эң жакшы шарттарды түзүү экендигин белгиледи.

 

«Ак ниет ишкерлер мамлекеттик органдардын бизнестин мыйзамдуу ишине мыйзамсыз кийлигишүүсү маселелеринде Финансы полициясынын негизги шериктештери болуп саналат. Алар булганыч атаандаштыкты, салык төлөөдөн качкандарды, мамлекеттик кызматчылардын таза эместигин жана албетте, ири коррупциялык схемаларды көрсөткөн маалымат берүүчүлөрдүн ролун аткарышат», — деп белгиледи Жапыкеев. 

 

Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мырза бул жолугушууну уюштургандыгы үчүн Финполдун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, Финансы полициясы ишкердик субъекттердин жакын өнөктөшү, текшерүүчүлөрдүн ээн баштыгына каршы коргоочу болушу керектигин белгиледи.


 

Тэги: бизнес-омбудсмен ГСБЭП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу