Мамкаттоо идентификациялык карталардын чипинен маалымат окуучу тиркемени жаңылады

22.07.2020, 15:25 Акчабар
Мамкаттоо идентификациялык карталардын чипинен маалымат окуучу тиркемени жаңылады

Мамлекеттик каттоо кызматы «Инфаком» мамлекеттик ишканасы аркылуу буга чейин КР жарандарынын 2017-жылкы үлгүсүндөгү паспортторундагы  идентификауиялык картанын чиптеринен ачык маалыматтарды окууга иштелип чыгып, колдонууга киргизилген KGZ eID NFC Reader тиркемесин  жаңылантты.

Жаңыланган «eID окугуч» мобилдик тиркемеси мобилдик аппараттын NFC модулунун жардамы менен идентификациялык картанын чипиндеги маалыматтарды, ошондой эле жарандын жашай турган жери жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу (аталган маалыматтар идентификациялык картанын чипинде гана сакталат) өзгөрүп турган маалыматтарды чогулта алат»,-деп айтылат маалыматта.

Идентификациялык картанын чипиндеги маалыматтарды алуу үчүн Play Market аркылуу «eID окугуч» тиркемесин жүктөө керек экендиги айтылат. Тиркеменин жаңы версиясында интерфейстин дизайны кайра каралып, аны колдонуудагы ыңгайлуулукту жогорулатуу үчүн ылдамдык оптимизацияланган.

Окууга жеткиликтүү маалыматтардын тизмеси: -Толук аты-жөнү (болсо)- Туулган датасы- Жеке идентификациялык номуру- Улуту- Үй-бүлөлүк абалы- Документтин жарактуулугунун мөөнөтү- Документти берген орган- Катталган дареги- сертификаттардын жарактуулугунун мөөнөтү. Маалыматтарды окуу үчүн 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык картадагы 4 сандуу кодду киргизип, аны арткы жагы менен NFC модулу бар аппаратка жаткыруу керек.

 

Тэги: карта ID мобильное приложение ГРС КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу