Huawei смартфондорду жаңы система менен чыгара баштайт

11.09.2020, 11:50 Акчабар
Huawei смартфондорду жаңы система менен чыгара баштайт

Huawei кийинки жылдан тарта Android тартибинде эмес, өздүк система аркылуу смартфондорун өндүрө баштайт. Мунун себеби АКШнын компанияга карата чабуулунан улам болгон. Бул тууралуу Forbes маалымдады. 

2021-жылдан тарта Huawei бардык смартфондорго өзүнүн Harmony OS 2.0 системасын орнотот. 

Компаниянын тиричилик электроника бөлүмүнүн жетекчиси Ричард Ю онлайн-конференция учурунда, киргизилүүчү бул жаңы система уюлдук телефондордун кубаттуулугу жана натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатарын билдирди.

Маалыматка ылайык, жылдын аягына чейин Harmony OS 2.0 бета версиясы бардык Huawei смартфондорунда тең жеткиликтүү болот. 

Кошумчалай кетсек, чабуулга карабастан, 2020-жылдын экинчи кварталында Huawei смартфондорду сатуу боюнча Samsung жана Apple компаниялардын дагы ашып, алдыңкы орунга чыккан. 

Тэги: huawei Android система смартфон АКШ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу