Жалал-Абад облустук прокуратура: мамлекетке 17 млн сомдон ашуун зыян келтиргендер аныкталды

29.12.2020, 12:30 Акчабар
Жалал-Абад облустук прокуратура: мамлекетке 17 млн сомдон ашуун зыян келтиргендер аныкталды

Жалал-Абад облустук прокуратурасы 17 млн сомдон ашуун зыянды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

 

 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районуна караштуу Кɵк-Таш айыл ɵкмɵтүндɵ жүргүзүлгɵн текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кɵрсɵтүлгɵн кылмыштын белгилери менен КЖБРге 9 сотко чейинки ɵндүрүш ишин каттады.

Тактап айтканда, аталган айыл ɵкмɵттүн кызмат адамдары ɵздɵрү, же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, айрым жеке ишкерлер менен сүйлɵшүп алып, кɵпүрɵ, жол жана башка объектилердин аткаруу актыларын жасалмалашып, атайылап ашыкча суммаларды кɵрсɵтүшкɵн.

Натыйжада, мамлекетке 17 млн 279 миң 755 сомдук зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча сотко чейинки ɵндүрүш иштерин жүргүзүү жагы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрɵшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгына тапшырылды.

Учурда тергөө амалдары башталды.

Тэги: Жалал-Абад Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу