КР ЖК Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган келишимди ратификациялады

20.02.2020, 17:30 Акчабар
КР ЖК Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган келишимди ратификациялады

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары 2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банк ортосундагы «Агрардык жана өндүрүш-сатуучу тутумдарын каржылоо жөнүндө» келишимди жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкы(KfW)ортосундагы «Агрардык жана өндүрүш-сатуучу тутумдарын каржылоо жөнүндө» долбоору боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоорун катталган 109 адамдын 108 колдоп, бирөөсү каршы чыкты.

Мурун кабарлангандай, долбоордун максаты туруктуу шериктештик насыялык-каржылык институттарына насыялоо үчүн кайра каржылоо каражаттарын берүү аркылуу узак мөөнөттүү каржылык кызматтарды туруктуу кеңейтүү болуп саналат. Долбоордун негизги максаттуу тобу КР агротармагындагы кичи жана орто ишканалары.

Долбоордун жалпы бюджети 36 млн еврону түзөт:

  • ЕИБден 22 млн евро өлчөмүндөгү насыялык каражаттар (насыя 12 жылга берилет, льготтук мөөнөт 3 жылды түзөт, пайыздык үстөк Еврибор плюс ЕИБ маржасы);
  • Германия өнүктүрүү банкынан кайтарымсыз негиздеги 9 млн евро өлчөмүндөгү грант (бүгүнкү күндө долбор реализацияланууда);
  • KfW тарабынан администрациялана турган Евро биримдигинин Борбор Азия үчүн Инвестициялык фондунун каржылоо каражаттарынан 5 млн евро өлчөмүндөгү грант.

 

Тэги: келишим Франкфурт-на-Майне

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу