Кыргызстанда 2027-жылга карата электрондук капчыктарды колдонуучулардын саны 12,5% көбөйөт

19.04.2023, 10:42 Акчабар
Кыргызстанда 2027-жылга карата электрондук капчыктарды колдонуучулардын саны 12,5% көбөйөт

Кыргызстанда 2027-жылга карата электрондук капчыкты колдонуучулардын саны 12,5% өсөт. Мындай божомолду республиканын Улуттук банкы билдирди.

Регулятордун айтымында, 2023-жылдын аягына чейин өлкөдө электрондук капчыктарды колдонуучулардын саны 5 миллион 579 миңди түзөт. 2023-жылдан 2027-жылга чейинки мезгилде капчыктар акырындап көбөйүп, 6 миллион 279 миңге жетет. Орточо жылдык өсүш жылына 175 жаңы электрондук капчыктарды түзөт жана 2027-жылга карата өсүү 12,5% түзөт.

Кошумчалай кетсек, электрондук акчаны колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялардын күтүлгөн жалпы көлөмү 2023-жылдагы 99 миллиард 480 миллион сомдон 2027-жылы 105 миллиард 585 миллион сомго чейин көбөйөт.

Тэги: новости Кыргызстана электронные кошельки электронные деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу