Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу учурда 62 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулган. Ошондой эле, 25 коммерциялык уюм дагы бул тутумга кошулду. «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева белгиледи.
Дагы 5 мамлекеттик орган «Түндүк» системасына туташты. Буга чейин болгону 24 мамлекеттик орган гана туташкан болчу. Ал эми августка карата 29 ведомство бул системага кошулган.
« 2018-жылдын июль айынан 2019-жылдын июлуна караганда бул системага кошулуу 5 эсе жогорулаган.«Түндүк» аркылуу 5,5 млн транзакция жасалган», — деп билдиди «Түндүк» МИ жетекчиси Кутнаева.