Абакиров Эльдар Экономика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ал эми эми бош орунга Ахматов Султан дайындалып, министринин орун басары болуп премьер-министрдин буйругу менен бекиди.