2018 – жылы КМШ өлкөлөрүнөн сырткары чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 2017 – жылга салыштырмалуу 1.5 эсеге өскөн. Канададан – 21.4 эсеге, Кытайдан – 11.6%, Турциядан – 5.4 эсеге, Швейцариядан – 3.5 эсеге жана Нидерландиядан – 2.2 эсеге көп катталган. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.
2018 – жылы Кыргызстанга башкы инвестор болгон өлкө Кытай болуп эсептелинет. Пайыздык өлчөм менен караганда Кытай – 39.7%, Канада 11.6%, Турция 11%, Нидерландия – 6.7% жана Швецария 2.3% инвестиция бөлгөн.
Кытайдан келген инвестиция кайра иштетүүчү өнөр-жайга, анын ичинен 95.5% - муңай азыктарын өндүрүүгө, 2.6% - резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жумшалган.
Канададан келген инвестициянын 89.5% - ишканалардын өндүрүшүнө, 9.7% - минералдык ресурстарды өндүрүүгө жумшалган. Турциядан келген инвестициялардын 75.6% - курулуш тармагына, өндүрүштүк ишканаларга – 15.9%, Нидерландиядан келген инвестициянын 59.4% маалымат жана байланыш тармагына , каржылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 36.9%, Швецария инвестицияларынын 68.4%, маалымат жана байланыш тармагына, каржылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 23.8% жумшалган.