Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Кара-Суу районунда рейддик иш-чаранын жүрүшүндө спирт камтылган продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин жүрүшүндө кармалган унаанын ичинде продукцияга уруксат берүүчү коштомо документтери жок спирттин спецификалык жыты бар 2 желим идиш табылган.
“Спирттин спецификалык жыты бар 1 миң 500 литр суюктук тартып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция жергиликтүү этил спиртин өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан жеке адамдарга берилген, алар өз кезегинде аракты кустардык ыкма менен өндүрүү үчүн колдонушкан.
Ишкердик субъектиге карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, алкоголдук продукцияны кустардык ыкма менен даярдоо мамлекетке өлкөнүн бюджетине салыктардын тиешелүү суммасын төлөбөө түрүндө зыян келтирет, ошондой эле контрафакттык алкоголдук продукцияны колдонгон жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жартат.