Кыргыз-Казак товар айлантууну 1 млрд долларга жеткирүү керек

12.07.2019, 14:56 Акчабар
Кыргыз-Казак товар айлантууну 1 млрд долларга жеткирүү керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Анда Кыргыз-Казак товар айлантууну 1 млрд долларга жеткирүү керек деген пикир айтылды. 

Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана башка бир катар актуалдуу темалар талкууланды.

«Боордош Казакстан менен стратегиялык мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-казак мамилелери талаптагыдай деңгээлде өнүгүп келе жаткандыгын белгилөө зарыл, саясий-экономикалык диалог активдүү жүргүзүлүп жатат, баардык деңгээлдерде байланыштар түзүлүүдө, алар сөзсүз түрдө мазмундуу эки тараптуу өнөктөштүктү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушул жылы өлкөлөрүбүздүн Президенттери эки жолу жолугушту, өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүү, достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти. Бүгүн сиз Кыргызстанга расмий сапар менен келип жатасыз, ошондой эле ушул мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен биз Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүп жатабыз. Биз өзүбүздүн алдыбызга ири максаттарды коюп жатабыз – эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин илгерилетүүнү камсыздоо», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз учурунда Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин Казакстан Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Биз ЕАЭБ алкагында ар тараптуу иш жүргүзүп келгенбиз. Бул кызматташуунун бардык аспектилери эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө да багытталган, – деди Аскар Мамин. – Бүгүнкү өтүп жаткан Өкмөт аралык кеңеш да биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин биргелешип иштеп чыгуу толук мүмкүнчүлүк бар. Өткөн жылы биз соода жүгүртүүнү өсүш менен аяктадык, ошол эле учурда, бул үчүн толук мүмкүнчүлүктү колдонбой жатабыз. Ошондуктан биз тиешелүү маселелерди карап чыгууга даярбыз. Казакстан биздин күн тартибиндеги бардык маселелерди чечүүгө даяр. Бүгүнкү жыйын өкмөттөр тарабынан коюлган эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет жана Өкмөттүн алдында коюлган тапшырма – кыска мөөнөттүн ичинде соода жүгүртүүнү жок дегенде 1 млрд долларга жеткирүү. Бул ишке ашырыла турган маселе деп ойлойм», – деди Аскар Мамин.

Тэги: РК Кыргызстан торговый оборот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу